ЖККУга төрагалык кылуу кезеги Россияга өттү

0
27541

Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында президент Садыр Жапаров ЖККУга кийинки жылга төрагалык Россия Федерациясына өтөөрүн билдирди.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата уюмдун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер белгиленди.

«Белгиленген тартипке ылайык, ЖККУга кийинки жылга төрагалык Россия Федерациясына өтөт. Ушуга байланыштуу мен сөздү Россия президенти Владимир Путинге берем. Ал Россиянын уюмга төрагалык кылуу мезгилиндеги ишинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берет», — деди Жапаров.

Андан кийин Владимир Путин 2026-жылы Россиянын ЖККУдагы төрагалыгынын негизги приоритеттерине токтолду.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги «Ынтымак Ордодо» Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз