Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин биргелешкен жыйыны өттү

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуу жемиштүү жана иштиктүү абалда өткөн, анда Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыктары талкууланган.

Жыйындын негизги темаларына аймактык коопсуздукту чыңдоо, жамааттык коргонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, тышкы саясий аракеттерди координациялоо жана учурдагы коопсуздук чакырыктарына каршы туруунун жолдору кирди. Катышуучулар ошондой эле трансулуттук коркунучтарга, анын ичинде терроризмге жана кибер коопсуздукка каршы чараларды талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда:

  • Баңгизатка каршы стратегияны ишке ашыруу;

  • Жакынкы беш жылга аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы;

  • ЖККУнун КМШ жана ШКУ сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн чыңдоо.

Кыргызстандын төрагалыгы жогорку деңгээлде уюштурулган иши, ачык диалог жүргүзүү, сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болушу жана бардык мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына көңүл буруусу менен өзгөчөлөнгөнү белгиленди. Кыргыз тарап өз сөзүндө тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында өз ара ишенимди чыңдоонун, биргелешкен аракеттерди координациялоонун жана келип чыккан коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруунун маанисин баса белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз