27-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров Беларусь лидери Александр Лукашенкону, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россия президенти Владимир Путинди жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алды.
Саламдашуу аземинен жана биргеликте сүрөткө түшүүдөн кийин ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлери сүйлөшүүлөр залына жөнөштү.


