Башкы беткеСаламаттыкты сактооТай-чи хроникалык уйкусуздуктун алдын алат

Тай-чи хроникалык уйкусуздуктун алдын алат

       Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, Кытайда практикаланган психофизикалык көнүгүүлөр — тай-чи — хроникалык уйкусуздукту дарылоодо сөз менен жүргүзүлүүчү психотерапия менен бирдей натыйжалуу.

British Medical Journal журналында жарыяланган изилдөөгө 50 жаштан жогорку 200 кытайлык катышуучу катышып, алар случайлык негизде эки топко бөлүнгөн: бир топ тай-чи көнүгүүлөрүн жасаган, экинчи топ когнитивдик-бихевиоралдык терапия (КБТ) алган. КБТ — депрессия жана тынчсызданууну башкарууга жардам берген сүйлөшүүгө негизделген терапиялык ыкма.

Изилдөө белгилегендей, хроникалык уйкусуздук орто жаштагы жана улуу курактагы адамдар арасында эң кеңири тараган уйку бузулуулардан болуп саналат жана ал жүрөк-кан тамыр ооруларын, психикалык ооруларды жана когнитивдик функциялардын начарлашын жаратышы мүмкүн.

Бардык катышуучулар үч айдын ичинде жалпы 24 сабакты өтүшкөн. Натыйжада тай-чи жана психотерапиянын таасири бирдей деп бааланган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар