whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
19.5 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маек“Гезит күркөлөрү абдан керек”

“Гезит күркөлөрү абдан керек”

Интернет өнүккөн заманда бир кезде мамлекеттик, улуттук идеологиянын негизги куралы, илим, билимдин, экономиканын, адабияттын өнүгүшүнүн өзөгү, кыргыз элинин агартуучу алиппеси болуп берген гезит, журналдарды эскинин саркындысы катары көргөндөр аз эмес. Ага карабай бүгүнкү күндө да саналуу басылмалар интернет маалымат булактарына салыштырмалуу мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатат. Тилекке каршы, акыркы төрт-беш жылда гезит, журналдарга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, ал тургай үч жыл мурун Бишкек шаарындагы 200дөй гезит күркөлөрү алынып салынды. Бүгүн биз узак жылдар бою гезит сатуу, таркатуу тармагында иштеген Чынара МЫРЗАБАЕВА айым менен баарлашып, көп кызыктарды уктук.

– Чынара айым, интернет өмгөктөгөн заманда гезит сатуу, таркатуу иши кантип жатат?

–  Жолдошум Муртаза Ашимов журналист болгондугуна байланыштуу гезит тармагында иштеп келе жатканыма 27 жыл болду. Мурда шаар боюнча 250дөй гезит, журнал күркөлөрү болсо, бүгүнкү күндө 50дөй эле күркө калды. Президенттин санариптештирүү саясатынын негизиндеби, айтор, азыр Бишкекте гезит, журналдар жакшы таркатылбай калды. Бирок, шаар ичинде гезит, журналдарды каяктан алышарын билбей издеген окурмандар абдан эле көп. Ага карабай шаардык жетекчиликтеги чиновниктерибиз гезит күркөлөрүн жаңы конуштарга коюу идеясын да көтөрүп келе жатышат. Кимдир бирөөгө кайсы бир гезит же журнал керек болсо жаңы конуштарга барып сатып алат деген сөз акылга сыйбаган нерсе.

–  Бир жылдары шаар бийлиги гезит, журнал күркөлөрүн заман талабына жараша жаңылатты эле. Анын аягы эмне болду?

–  Ооба, 2022-жылы Бишкек мэриясы гезит күркөлөрүн иштеткендерге 8-июндан 8-июлга чейин «Бишкек башкы архитектурасы берген жаңы дизайн боюнча күркөлөрдү жаңыртпасаңар алып коёбуз» деп эскертүү берген. Күркөлөр менен жан сактап жаткандардын аз дегени 200 миң, көп дегени 400 миң сомдон сарпташып заманбап күркөлөрдү жасаттырышкан. Ага карабай ошол кездеги мэр Эмилбек Абдыкадыровдун жакшынакай күркөлөрдү айып короосуна жеткиртип салганы акылга сыйбаган жорук болду. Ошондо күркө жасаткандар олчойгон карызга батып отуруп калдык. Мисалы, мен насыя алып эки күркөмдү 700 миң сомго жасаткам. Ал экөө тең азыр айып короосунда турат. Ошондон бери айына 35 миң сомдон насыя төлөп келе жатам. Менин бул көйгөй боюнча барбаган жерим, какпаган эшигим, кайрылбаган жетекчим калган жок. Кыскасы, шаар бийлиги жумуш орундарын көбөйтүп, карапайым элдин жашоосун оңдогондун ордуна турган жумуш орундарын кыскартып, 200дөй адамды карызга батырып койду.

–  Чынара айым, кайсыл жылы 250гө жакын күркө бар эле жана алардын саны качан 50дөй болуп кыскарды, тактай кетсеңиз?

–  2020-жылга чейин шаар боюнча 250дөй күркө бар болчу. 2019-жылы «Союз печать» банкрот болгон. Ошондон кийин аларды жеке адамдар иштетип жатышкан. 2022-жылы Эмилбек Абдыкадыров күркөлөрдүн жаңы дизайнын бизге таркаттырып, оозеки түрдө мобундай жасаткыла деген буйрук берген. Бирок, 2023-жылдан баштап эле күркөлөрдү алып башташты. Менин бир күркөмдү 2023-жылы 7-мартта, экинчисин 2024-жылы 6-сентябрда алып коюшту. Ошентип отуруп азыр шаар боюн-ча 50гө жетпеген эле күркө калды. Таң калыштуусу, жаңыланган күркөлөр алынып калды дагы, жаңыланбагандар алынбай калды. Алар кандай жол менен, эмне себептен алынбай калганы мага түшүнүксүз.

–  Аларды эмнеге негиздеп алышканы айтылдыбы сиздерге?

–  Эмнеге негиз кылганын так билбейбиз. Мурда Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы болчу, азыр департамент болуп калды. Ошол департамент менен биз ар жылы келишим түзүп турчубуз. Ошол келишимди түзөрдө департамент бизден нотариустан алынган кепилдик катын талап кылышчу. Ал кепилдик каттын бир подпунктунда «Эгер мэрия келип күркөнү алып коюну талап кылса алып коюуга макулмун» деген жери бар. «Силер кепилдик катка кол коюп бергенсиңер күркөлөрдү алып койгула» деп бизди жарга такашты. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай, шаар ичиндеги 150 көчө жээктерине кандайдыр объект койгонго мораторий киргизилген. Бирок, так гезит-журнал күркөлөрү үчүн эч кандай мораторий жок. Шаар бийлиги муну эске алган жок. 2024-жылдагы алынган күркөмдү Чүй, Совет көчөсү, Манас проспектиси маанилүү болгондуктан үч көчөдөгү күркөлөр алынышы керек деген шылтоо менен эле алып коюшту. Илгертен гезит-журнал окуп келишкен окурмандарды кайдан алсаңар ошол жактан алгыла дегендей эле мамиле болду.

–  Бир кезде «Вечерний Бишкек» басылмасынын жанында бир топ адам шаар ичине гезит-журнал таркатып, ал тургай алыскы региондорго да жөнөтүп турушчу эле. Азыр гезит-журналдарды сатуу, таркатуу кандай болуп калды? 

–  Гезит базарда мурда 20дан ашык киши иштечүбүз. Азыр гезиттердин нускасы, саны да азайып 6 киши иштеп жатабыз. Облус, район, айылдарга мурдагыдай эле гезит, журналдарды ысуулай жөнөтүп турабыз. Элетте интернет жок болгондуктан шаарларга, облус борборлоруна караганда айылдыктар көбүрөөк буйрутма кылышат. Бул элеттиктердин гезитке болгон кызы-гуусу, муктаждыгы бар экенинин бир далили. Кээде айылдыктар менен баарлашып калсак «Биз гезит алып окубасак ачка калгандай боло беребиз. Бизге телефон, интернетке караганда гезит баалуу» дешет.

–  Учурда Кыргызстанда орусча, кыргызча кайсыл гезиттер туруктуу чыгып таркатылып жатат?

–  Орусча гезиттерден «Аргументы и факты», «Московский комсомолец», «Комсомольская правда», «В конце недели», «Слово Кыргызстана» чыгат. Бирок, акыркы аталган эки гезиттин нускасы азыраак. Кыргызча гезиттерден «Кыргыз Туусу», «Азия ньюс», «Де факто», «Супер инфо», «Эркин Тоо» чыгып, таркатылып жатат. Тилекке каршы, күркөлөрдүн аздыгынан, таркатуу начар болгондуктан мамлекеттик «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо» гезиттерин гезит базарга көп издеп келишет. Редакцияларга барып алгыла десек улгайып калган окурмандар «Биз көп баса албайбыз, автобус тыгындарында да кыйналабыз. Үйлөрүбүзгө жакыныраак күркөлөрдү коюп берсеңер жакшы болот эле» деп калышат. Ошондуктан өкмөт шаардагы карыларга камкордук катары гезит күркөлөрүн көбөйтүп берсе жакшы болмок. Себеби, гезит, журналдар, андагы кроссворд, кызыктуу макалалар улгайган адамдын акыл эсине көнүгүү болуп, демине дем кошуп турат. Алар кышкы суукта, күзгү жамгырда алыс бара алышпайт. Автобуска түшөйүн десе айдоочулар да аларды жактырышпай, албай да кетишет экен.

–  Орусча гезиттердин көбү сырттан келсе керек?

–  Ооба «Аргументы и факты», «Московский комсомолец», «Комсомольская правда» гезиттери Россиянын басылмалары. Жергиликтүүлөрдөн «Слово Кыргызстана, «В конце недели», «Мегаполис», «Для вас» гезиттери бар.

–  Демек, гезит-журналдарга дагы деле суроо-талап жакшы экен да?

–  Ооба, суроо-талап жакшы эле. Азыр көп мыйзам, токтом, жоболор, маанилүү маалыматтар, кулактандыруулар «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоого» басылгандыктан экөөнү тең шаар ичинде издегендер көп. Айрыкча, кызыктуу, илимий, турмуштук макалалар, адабий чыгармалар, тарыхый документтер, аналитикалык материалдар көп чыккандыктан «Кыргыз Туусу» гезитин акыркы убакта көп издеп калышты.

–  Учурда шаардагы 50гө жакын күркөлөрдүн баарында тең гезит, журналдар сатылабы?

–  Эми суроо-талапка, турмуш-тиричиликке жараша ал жерде гезит, журналдардан сырткары турмуштук майда-чүйдө нерселер да сатылат. Ансыз бир гана гезит, журнал менен ижара акысын, башка чыгымдарды жабууга мүмкүн эмес.

–  Илгери «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары чыгып, өлкө
боюнча таратылчу эле. Азыр ушундай көрүнүктүү журналдар барбы бизде?

–  Азыр баары катталууга өтүп кеткендиктен гезит базарда кыргызча журналдар жок. Жарык көргөн он чакты гезитти «Кыргыз почтасына» караганда биз оперативдүү, убагында жеткиребиз. Почтадагылар болсо барган гезиттерди чогултуп туруп бир айда бир беришкендиктен маалымат эскирип, гезит кызыксыз болуп калат. Ошон үчүн окурмандар биз менен түз иштешкенди каалашат.

–  Демек, гезиттердин чыгып турушунун маалымат коопсуздугуна, мамлекеттик идеологияны жүргүзүүгө тийгизген таасири дагы да болсо чоң экен да?

–  Ооба, Кыргызстан аброю бар, көз карандысыз мамлекет болгондуктан туруктуу чыгып турган мамлекеттик басылмалары сөзсүз болушу керек жана алар өз убагында таркатылып турганы да жакшы. Айрыкча борбор калаанын ар бир көчө кесилиштеринде гезит күркөлөрү болушу керек. Мен 2016-жылы гезиттер боюнча Москвада болгон симпозиумга баргам. Ошондо Питерге да бардык. Ал жакта ар бир метронун кире бериштеринде жана чыга бериштеринде, чоң көчөлөрдүн кесилиштеринде жакшынакай гезит күркөлөрү турат. Россиялыктар каалаган жеринен эле сатып алып кете беришет экен. Бизде деле ошондой күркөлөрдү коюп, «Мой город» колдонмосуна даректерин киргизип койсо бишкектиктер өзүлөрүнө жакын күркөлөрдөн издеген басылмасын оңой таап алышмак. Башкасын билбейм, бирок менимче Бишкек шаарына бир кылымдык тарыхы бар, Кыргыз автономиялуу облусу менен бирге түптөлгөн «Кыргыз Туусу» гезитинин улуттук колоритте жасалгаланган күркөлөрүн коюп, гезит, журналдарды саттырса сырттан келген туристтер үчүн, келечек муун үчүн да абдан жагымдуу, таасирдүү болмок.

Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу» 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар