whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомГроссмейстерликке талпынган Элдияр

Гроссмейстерликке талпынган Элдияр

Жакында эле Кыргызстандагы эркектер арасындагы шахматтын классика түрү боюнча жогорку лиганын чемпионаты болуп өттү. Бул мелдешке өлкөбүздүн бардык аймактарынан тандоодон өтүп келген эң күчтүү 65 шахматчы катышты. Акыркы турда үч шахматчы 9дан упай топтоп, марага бирдей келишти.

Алар Кыргызстандын 2023-жылкы чемпиону 18 жаштагы эл аралык чебер Элдияр Орозбаев менен өлкөбүздүн тажрыйбалуу төрт жолку чемпиондору эл аралык чеберлер Асылбек Абдыжапар жана Семетей Төлөгөн тегиндер эле. Биринчиликтин шарты боюнча чемпионду аныктоо үчүн кошумча көрсөткүч боюнча алдыңкы эки орунда жайгашкан оюнчулардын ортосунда шахматтын тез түрү рапидден кошумча эки партия оюн уюштурулду. Натыйжада, Элдияр эки партияны тең утуп, Кыргызстандын экинчи жолку чемпиондук наамын жеңип алды.

Жаш чемпион Элдияр Орозбаев шахматты 4 жашынан баштап чоң атасы Журсунбектен үйрөнө баштаган. Ал эми 5 жашынан баштап Кыргызстандын белгилүү шахмат машыктыруучусу, спорттун чебери Бактыгүл Тиленбаевадан сабак алып, машыгууну уланткан. Анын жетекчилиги астында көптөгөн ийгиликтерди жараткан. 2013-жылы Грецияда өткөн 7 жашка чейинки мектеп окуучулар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 6-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон. Ушул эле жылдын сентябрь айында Шри-Ланкада өткөн Азиянын ушундай эле биринчилигинде шахматтын классика түрүнөн 2-орунду ээлеп күмүш медаль тагынып, вице-чемпион аталса, блиц түрүнөн 1-орунду алып, алтын медалга ээ болгон. 2015-жылы Сингапурда өткөн Азия-нын 9 жашка чейинки мектеп окуучулар арасындагы биринчиликте 3-орунду ээлеп коло медалга татыктуу болгон. 2016-жылдан баштап Элдияр чеберчилигин андан ары өркүндөтүү үчүн кошуна өлкөлөрдүн гроссмейстерлери менен онлайн түрүндө машыгуусун улантып келет.

Талыкпаган аракеттердин аркасында Элдияр бүгүнкү күндө шаардык, респуб-ликалык, эл аралык шахмат боюнча турнирлерден алган 42 кубок, 120 медалдын ээси. Алардын теңинен көбү алтын медалдар. Э.Орозбаев өлкөбүздү далай жолу даңазалап, Кыргызстандын атын чыгарып, Азиянын балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы чемпионаттардын 7 жолку чемпиону, 6 жолку вице-чемпиону аталып, 3 жолу коло медаль утуп алган. Кыргызстандын ушул эле жаш курактары боюнча 11 жолку чемпиону, эркектер арасындагы 4 жолку чемпион, анын ичинен 2 жолу шахматтын престиждүү классика түрүнөн (2023, 2025-жж.). 2022-жылы ФИДЕ Элдиярга шахматтагы жетишкен ийгиликтери үчүн кезектеги «ФИДЕ чебери», ал эми 2024-жылы андан кийинки турган наам «Эл аралык чебер» наамын ыйгарды. Бул жогорку
наамды алуу үчүн Эл аралык шахмат федерациясынын эрежеси боюнча үч норманы толтуруу зарыл эле. Элдияр анын биринчи нормасын кошуна өлкөлөрдүн гроссмейстерлери катышкан эл аралык «Ысык-Көл-2022» шахмат фестивалында 1-орунду ээлеп, экинчисин көптөгөн өлкөлөрдүн гроссмейстерлери катышып, Ташкент шаарында өткөн «Мемориал Г.Агзамова-2024» эл аралык шахмат турниринде 2-орунду ээлеп, үчүнчү акыркы норманы 2024-жылдын сентябрь айында Будапешт шаарында өткөн Бүткүл дүйнө-лүк шахмат олимпиадасында ийгиликтүү оюн көрсөтүп
толтурду.

Элдиярдын негизги  максаты – шахмат спортунун эң жогорку тепкичи болгон гроссмейстер наамына жетүү.  Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда бир дагы гроссмейстер жок. Ал бул наамды алууга керек болгон үч норманын бирөөсүн 2024-жылдын октябрь айында Москвада өткөн Россия, Кыргызстан, Казакстан, Украина. АКШ, Англия, Италия, Армения, Беларусь, Израиль, Монголия, Перу, Тажикстан өңдүү өлкөлөрдүн 45 оюнчуларын озуп өтүп, 1-орунду ээлеп, сенсация жаратты. Аталган шахматчылардын курамында 12 гроссмейстер, 7 эл аралык чебер, 16 ФИДЕ чеберлери
бар эле.

Элдияр үстүбүздөгү жылы Бишкектеги № 65 эколо-экономикалык лицейди ийгиликтүү аяктап, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бюджет бөлүмүнүн 1-курсунда окуусун ийгиликтүү улантууда. Элдиярдын спортто дагы далай ийгиликтерди багындырып,  гроссмейстерге жетүү үчүн калган эки норманы толтуруусуна тилектешпиз.

А.АКИМБАЕВА

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар