Ысык-Көл облусунда жайгашкан Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү иши пилоттук режимде башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 3-июлда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Кечээ жакында биз титаномагнетит өндүрүшүн пилоттук режимде баштадык. Бизде 20 миллион тоннадай титаномагнетит бар деп болжолдуу айтып жатышат”, — деди Бакыт Төрөбаев.
Ал 15-майда Кызыл-Омпол кенине барып, даярдык иштери менен таанышкан.
Былтыр ноябрда Кызыл-Омполду иштетүүгө мамлекет каражат тапканын мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.
Маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталганы айтылат. Геологдор белгилегендей, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени бар.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.
Эске салчак, 2019-жылы Жогорку Кеңештеги оппозициялык депутаттар, жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер аталган кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон. Натыйжада өкмөт кенди казууга камынган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.