Башкы беткеСаясат жана коомКоомМакмал – Каракол темир жолу курулат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд

Макмал – Каракол темир жолу курулат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд

Бүгүн, 19-февралда, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Трансевразиялык каттам» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Мекемеден билдиришкендей, келишим Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун ортосунда түзүлдү.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов белгилегендей, бул Кыргызстандын темир жол тармагындагы биринчи МЖӨ долбоору, ал өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат.

«Инвестициянын жалпы суммасы болжол менен 3 миллиард АКШ долларын түзөт, бул жаңы жумуш орундарын гана камсыздабастан, транспорт тармагын кыйла жакшыртып, өлкө үчүн узак мөөнөттүү келечекте экономикалык пайда алып келет», — деди Талантбек Иманов.

«Транс-Евразиялык маршрут долбоору Макмал айылынан Каракол шаарына чейинки жаңы темир жол линиясын курууну камтыйт. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн транспорт тармагын модернизациялоодо маанилүү кадам болот»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар