Депутат Элмурза Сатыбалдиев вице-мэр Рамиз Алиевге «Кичи мекениме 500 көчөт отургуза коем деп ага кеткен акча үчүн үй-бүлөм менен ажырашып кете жаздадым. Мэрия тиккен бактардын 30%ы тамыр албай жатса, канча акча кетти?» — деген суроо узатты.
Бишкек мэринин орун басары былтыр калаада 10 500 түп көчөт отургузулганын, бирок анын канчасы тамыр алгандыгы тууралуу маалыматты кийинки жыйында тактап келерин айтты. Жаратылыш ресурстары, экология министри жоопту кошумчалап, республика боюнча отургузулган бактардын 67%ы тамыр алса, Бишкекте өсүп кеткен көчөттөр 70%ы түзөрүн билдирди.
Депутат тамыр албай калган бактарга канча акча кеткенине, көчөттөр эмне себептен куурап калганына кызыкты.
Рамиз Алиев каражат тууралуу үн каткан жок, бирок көчөттөр көбүнчө суу жетпей же ооруп калгандыктан куурап калганын билдирди.
“Суу жок жерге көчөт отургузгандын же отургузуп алып суугарбай койгондун өзү чоң кылмыш. Убагында 10 түп чынар терек куурап калып, кылмыш иши козголгон факты болгон. Вице-мэр, 10 көчөт боюнча кылмыш иши козголгон, сиздики тамыр албагандар 30% болсо, 3 миңдей көчөт болуп жатат. Эртең бирөө архивди көтөрсө, силерге кылмыш иши даяр экен”, — деди Сатыбалдиев.