Башкы беткеСаясат жана коомКоомКМШнын бажы кызматтары санариптештирүүнү күчөтүү боюнча макулдашты

КМШнын бажы кызматтары санариптештирүүнү күчөтүү боюнча макулдашты

4-июнда Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 80-жыйыны өттү. Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.

«Акыркы жылдары өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматтары жигердүү киргизилип, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Заманбап технологиялар ачык-айкын, эффективдүү жана ишенимдүү бажы башкаруусунун пайдубалына айланууда», — деди Данияр Амангелдиев.

Жыйындын күн тартибинде бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана бажы башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Отурумдун жыйынтыгында бул багытта макулдашылган чечимдер кабыл алынды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар