Башкы беткеРубрикаларБилим берүүАймактык үч университет КУУга бириктирилди

Аймактык үч университет КУУга бириктирилди

Президент бир катар мамлекеттик университеттерди кайра түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бириктирилди.

КУУ бардык укуктар жана милдеттер менен бириктирилген окуу жайлардын укуктук мураскери болуп саналат.

Жарлыкта бул чечимдин максаты — университеттердин финансылык, кадрдык жана илимий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, ошондой эле алардын дүйнөлүк билим берүү рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу экени белгиленген.

Министрлер кабинетине алты айдын ичинде тиешелүү уюштуруучулук жана финансылык чараларды көрүү тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар