Өлкө Президентинин тапшырмасы менен жаңы муундагы окуу китептерин массалык чыгарууга 744 млн сом бөлүнгөнү маалым болду. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап жатып билдирди.
Быйыл 1–2-класстар, 5–7-класстар үчүн жаңы программалар жана Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окуу китептеринин толук линиясы биринчи жолу түзүлдү. Ошондой эле 3–9-класстар үчүн англис тили, математика жана табигый илимдер боюнча китептер басылып чыкты. Үч жылдан кийин Кыргызстандын бардык окуучулары китептер менен толук камсыз болот.
Китептер “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” ААКда басылып чыгат. Ар бир комплектте окуучуга жана мугалимге керектүү материалдар (жумушчу дептер жана методикалык колдонмо) камтылган. Кошумча, китептердин электрондук версиялары да чыгарылат, бул окуучулар үчүн материалдарды жеткиликтүү кылат.

