Башкы беткеСаясат жана коомКоомЫсык-Көлдө эл аралык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ысык-Көлдө эл аралык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн достукту жана маданий көп түрдүүлүктү даңазалаган “Мейкин Азия 2025” музыкалык фестивалынын үчүнчү, тагыраагы жыйынтыктоочу күнү.

Калыстар тобунун берген упайларынын негизинде байге ээлери аныкталды.

  • Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Эже Ата жана Өзбекстандан келген Тулкин Тажиев 3-орун;
  • 2-орун Камир (Кыргызстан) жана Виталий Дроб (Беларусь Республикасы);
  • 1- орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.

Ал эми көрүүчүлөрдүн онлайн добушунун жыйынтыгында якутиялык Кирил Матвеев жеңүүчү деп табылды.

Алгачкы күнү бардык катышуучулар эне тилинде чыгармаларды тартуулашса, экинчи күнү чет тилдерде ырдашып, ар бир туру өзгөчөлүктөр менен коштолууда.

Ал эми бүгүн, 22-июлда фестивалдын ардактуу жана көп күттүргөн коногу, өзгөчө үндүн ээси, биринчи «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү — дүйнөгө таанымал ырчы Димаш Кудайберген меймандарга чакан чыгармачылык кече тартуулайт.

Белгилүү болгондой, быйылкы иш-чара Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучуларды бир сахнага чогултту. Фестивалдын конкурстук бөлүгү менен катар, ата-мекендик жана дүйнөгө таанымал ырчылардын концерттик номерлери, мастер-класстар, маданий жолугушуулар уюштурулган.

Уюштуруучулардын билдиришинче, фестивалдын башкы максаты — музыка аркылуу ар кандай элдердин жана маданияттардын ортосундагы диалогду өрчүтүү жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө.

Аталган эл аралык музыкалык сынак 20-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромунда салтанаттуу ачылды.

Фестивалдын алгачкы күнү кыргызстандык белгилүү артисттердин – Трио Номад: Бек, Азат, Минжашар, Жийдеш Идирисова, Тамга жана Баястан, ERA, Freeman 996 жана JAXтын коштоосунда өттү. Ал эми 21-июлда Бегимай Турусбекова, Абир Касенов, AY YOLA тобу жана белгилүү аткаруучу Севак ырдады.

Кыргызстан аталган фестивалды Бүткүл дүйнөлүк музыкалык фестивалдар федерациясынын расмий күн тартибине кошуу үчүн кайрылуу жөнөткөнүн да маалымдашты. Бул кадам өлкөнүн дүйнөлүк маданий процесстерге активдүү аралашуусуна жаңы жол ачары күтүлүүдө.

Биринчи күндөн баштап фестивалдагы өзгөчө аткарууларды, кызыктуу учурларды “Кыргыз Туусу” сайтынан жана социалдык баракчаларынан тынымсыз чагылдырууда.

Айгерим Качкынбекова,
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар