Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта унааларды кайра каттоо процесси «Түндүк» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу онлайн форматта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Унаа кызматынын Ош шаарындагы борборуна барган учурда билдирди.
Анын айтымында, мындан ары унааларды каттоо үчүн мекемеге баруунун зарылдыгы болбойт. Жарандар арызды аралыктан берип, документтерди онлайн тартипте жол-жоболоштура алышат. Мындай ыкма жарандарды кезек күтүүдөн арылтып, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, техникалык паспортту жана мамлекеттик номердик белгилерди жарандардын дарегине жеткирүү кызматы да ишке киргизилет.
«1-апрелден тарта “Унаага” номер менен техникалык паспортту алуу үчүн гана келесиздер. Учурда бирдиктүү терезе иштеп жатат», — деди Туманбаев жарандарга кайрылуусунда.
Ошондой эле ал мекеменин Ош шаарындагы жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, каржылоону толук бөлүп берүүнү тапшырды. Белгиленгендей, жаңы имарат быйыл пайдаланууга берилет.


