Бишкек шаарында Кыргызстандын, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо ведомстволорунун эл аралык аскердик кызматташтык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын өкүлдөрүнүн биринчи жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Жыйын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы Рустам Ормокоевдин төрагалыгы алдында өтүп жатат.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар Шанхай кызматташтык уюмуга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин 2026-жылга карата кызматташтык планынын иш-чараларын ишке ашыруу маселелерин талкуулоодо.
Иш-чаранын негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин алдыдагы кеңешмесин уюштуруу жана өткөрүү маселелерин макулдашуу.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшары күтүлүүдө.


