Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Guangdong Holdings Limited» кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, гидроэлектростанциялар жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорго кызыкчылык көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жана холдингдин өкүлдөрү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Адылбек Касымалиев чет элдик инвестицияларды тартуунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика, айыл чарба, туризм жана инвестиция тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкчылыктарын ырасташты.
Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык өнөктөш бойдон калууда, деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

