Башкы беткеМаанилүүКыргызстан жана Монголиянын президенттери “Мейкин Азия” сынагына келишти

Кыргызстан жана Монголиянын президенттери “Мейкин Азия” сынагына келишти

Бүгүн, 22-июлда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалынын жабылыш аземине өлкө башчы Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келишти.

Фестивалдын алкагында конкурстук программа жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө байгелүү орундар ыйгарылууда. Баш байгеге 8 миң АКШ доллары берилсе, жалпы байге фонду 20 миң долларды түзөт.

Иш-чаранын кульминациясында дүйнөгө таанымал казакстандык ырчы Димаш Кудайберген сахнага чыгып, көрүүчүлөргө өзгөчө концерт тартуулайт.

“Мейкин Азия” фестивалы — Азия өлкөлөрүнөн келген жаш таланттарды бириктирген ири маданий платформа болуп саналат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар