Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөштүп, Израил менен Ирандын ортосундагы куралдуу жаңжалды талкуулашты. Бул тууралуу Түркиянын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эрдоган эки өлкө ортосунда тутанган жаңжалдан улам бир катар өлкө лидерлери менен байланышта болгонун белгилеп, өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Түрк лидери ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефондон сүйлөшкөн.
Маалыматта лидерлер Жакынкы Чыгыштагы абалга тынчсыздануусун билдирип, өзөктүк маселени дипломатиялык жол менен чечүү керектигин белгилешкени айтылат.
Эске салсак, 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза тапкан.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дай адам набыт болгонун айтты.