Орусиянын Мамлекеттик Думасында мыйзамсыз мигранттар тууралуу маалымат берген жарандарга акчалай сыйлык берүү сунушталды. Бул тууралуу РИА Новости документке шилтеме берүү менен кабарлады.
Депутаттардын демилгесине ылайык, өлкөдө расмий каттоосу, иштөөгө уруксаты же жарактуу визасы жок адамдар тууралуу маалымдаган жарандарга төлөм каралууда. Ар бир такталып, тастыкталган мыйзамсыз мигрант үчүн акы төлөө да сунушталып жатат.
Мындан тышкары, мыйзам бузган чет элдик жарандарга карата айып пулдардын көлөмүн азыркы 2–7 миң рублдан 100 миң рублга чейин жогорулатуу сунушталууда. Депутаттар мындай чара санкциялардын таасирин күчөтөт деп эсептешет.
Буга чейин депутат Сергей Миронов мыйзамсыз жүргөн мигранттардын балдарынын мамлекеттик бала бакчаларга кирүүсүн чектөө боюнча демилге көтөргөн.