Социалдык тармактарда айрым белгилүү ырчылар, таанымал инсандар лотерея билеттерин жарнамалап, ойнотуп жатышат. Аларды мамлекет көзөмөлгө алышы керек. Мындай пикирин кечээ, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек уулу Рустамбек айтып чыкты.
Депутаттын айтымында, лотереянын жыйынтыгын эч ким билбейт жана бул дагы бир алдамчылык болушу мүмкүн.
«Мага жарандар кайрылып жатышат. Учурда социалдык тармактарда айрым белгилүү эстрада жылдыздарыбыз лоторея оюндарында унааларды, баалуу белектердин ойнотулушун рекламалап, ойнотуп жатышат. Жарандар ар бил билетти 300 сомдон 500 сомго чейин сатып алып жатыптыр. Уткандардан же оюндун жыйынтыгынан кабар жок дешет», — дейт Советбек уулу.
Эл өкүлү соцтармактарда лотерея ойноткондордун мыйзамдуулугун мамлекет көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады.
«Акыркы учурларда ар кандай жолдор менен акча табуу, алдамчылык кылуу көбөйүп баратат. Бул дагы алдамчылык болушу мүмкүн. Мамлекет көзөмөлгө алса жакшы болот эле», — деди Советбек уулу Рустамбек.