Бишкек — Пекин багыты боюнча авиакаттамдар ачылат

2026-жылдын июль айынан тартып Air China авиакомпаниясы Бишкек — Пекин — Бишкек багыты боюнча жумасына үч жолу каттамдарды ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан маалымдады.

Жаңы маршрут Кыргызстан менен Кытай ортосундагы авиамаалыматты кеңейтет жана саякаттоо, бизнес байланыштар жана маданий алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт.

Азырынча Кытайга China Southern компаниясы каттамдарды аткарат — жумасына алты жолу. Air Chinaнын кошулушу менен бул багыттагы учуулар дагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү болот.

Түз авиакаттамдар жүргүнчүлөр үчүн гана эмес, экономикалык жактан да маанилүү.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз