Пенсионерлерге «Айтматов» спектакли акысыз көрсөтүлөт

Ч. Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында 21-март күнү саат 15:00дө пенсионерлер үчүн «Айтматов» спектакли акысыз көрсөтүлөт.

«Бул майрам күнү биз сиздерге унутулгус таасирлерди тартуулап, коомдун жашоосуна кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирүүнү каалайбыз. Нооруз майрамынын урматына сиздер үчүн «Айтматов» спектаклинин кайрымдуулук көрсөтүүсүн даярдадык. Бул улуу жазуучунун дүйнөсүнө сүңгүп, терең мааниден жана актёрлордун эң сонун оюнунан ырахат алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Биз сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз! Майрамдык кубанычты биз менен тең бөлүшүп, позитивдүү эмоцияларды алуу үчүн келиңиздер», – деп уюштуруучулар билдиришет

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз