Дональд Трамп Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыздоого башка өлкөлөрдү активдүү катышууга чакырды. Ал НАТО өлкөлөрүн, ошондой эле Япония, Кытай жана башка мамлекеттерди мунай ташуучу танкерлерди коштоп жүрүү үчүн аскердик кемелерин жөнөтүүгө үндөдү.
Ак үйдө өткөн иш-чарада сүйлөгөн Трамп бул демилгеге айрым өлкөлөр «чоң кызыгуу» менен караса, кээ бирлери анча колдобой жатканын белгиледи. Анын айтымында, Ормуз кысыгы аркылуу АКШ мунайдын 1%дан азын алса, башка өлкөлөр үчүн бул көрсөткүч кыйла жогору. Маселен, Япония мунайдын 95%ын, Кытай 90%ын, ал эми Түштүк Корея 35%ын ушул жол аркылуу алат.
Ошондуктан АКШ бул мамлекеттерди жалпы коопсуздукту камсыздоого активдүү катышууга чакырууда. Трамп ошондой эле союздаштар тараптан жооп болбосо, бул НАТО уюмунун келечегине терс таасир этерин эскертти.
Өз кезегинде Кир Стармер өлкөсү Ирандагы жаңжалдын кеңейишине тартылбай турганын билдирсе да, союздаштар менен биргеликте кысыкты ачуу боюнча чечим издөө ниети бар экенин айтты. Германия болсо бул процесске катышуудан баш тартты.
Такаити Санаэ Японияда бул маселе боюнча талкуулар жүрүп жатканын, бирок азырынча так чечим кабыл алына электигин билдирди. Ал эми Кытай бул боюнча өз позициясын ачык билдире элек.
Иран тараптан Аббас Аракчи Ормуз кысыгы ачык экенин, бирок «адилетсиз агрессия жүргүзгөндөр» үчүн жабык болорун белгиледи.

