АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү Францияда өткөн эки күндүк соода сүйлөшүүлөрүн жыйынтыктап, тарифтерди мурдагы деңгээлде сактоо боюнча макулдашууга жетишти.
Сүйлөшүүлөргө АКШ тараптан каржы министри Скотт Бессент, ал эми Кытай тараптан вице-премьер Хэ Лифэн катышты.
Кытай тараптын билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тарифтик саясатты туруктуу деңгээлде кармоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, инвестиция жана соода байланыштарын жакшыртуу үчүн жаңы механизм түзүү тууралуу да сөз болду.
АКШ өкүлдөрү болсо сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы катары эки тараптуу мамилелердин жалпы туруктуулугун сактоону белгилешти.
Бул жолугушуу акыркы айларда күч алган соода чыңалуусунун фонунда өттү. Буга чейин Дональд Трамп киргизген жаңы бажы төлөмдөрү Кытай тараптын сынына кабылган. Ошого карабастан, тараптар азырынча кескин чараларга барбоого жана өткөн жылдагыдай жооп чараларынан алыс болууга аракет кылып жатканы белгиленди.
Эксперттердин баамында, бул макулдашуу дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү сигнал болуп, ири державалар ортосундагы соода мамилелеринин турукташышына шарт түзүшү мүмкүн.

