whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейине барды

Садыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейине барды

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде Бахрейнге расмий сапарынын алкагында Манама шаарындагы Бахрейн Улуттук музейинде болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап заманбап Бахрейнге чейин камтыган маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.

Негизги археологиялык табылгалар, Бахрейн элинин салттуу жашоосу, ошондой эле мамлекеттин өнүгүү тарыхы тууралуу маалымат берилди.

Президент Садыр Жапаров тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Бахрейн тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар