Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу көчмө жыйын болуп өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ыкчам тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.
Көчмө жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, заводдун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Анда ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводдун ишин сактап калуу боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө завод кызматкерлери тарабынан өндүрүштүн кыскарышы, эмгек акынын кечиктирилиши жана жумуш орундарын жоготуу коркунучу боюнча тынчсыздануулар айтылды. Буга байланыштуу Министрлер Кабинети тарабынан акыркы үч айга топтолгон эмгек акыны төлөө боюнча тиешелүү тескеменин долбоору даярдалганы маалымдалды. Ошондой эле инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Өндүрүш толук жанданганга чейин заводдун кызматкерлери убактылуу эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгарылат. Өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык компенсация төлөнөт.
Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлөрүн, өндүрүштү диверсификациялоо жана жаңы багыттарды ачуу боюнча талдоо жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле завод кызматкерлеринин айлык маяналары 2026-жылдын январь айынын аягына чейин толук төлөнөрү айтылды.
Мындан тышкары, заводдун башкаруу системасын жакшыртуу максатында Эсептөө палатасы тарабынан ишкананын каржылык жана башкаруучулук ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берилет. Ошол эле учурда лампа накаливания өндүрүшү токтотулуп, заманбап продукция түрлөрүнө басым жасалат.
Маалымат үчүн белгилесек, Майлуу-Суу лампа заводу Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жайгашып, 1964-жылдан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда заводдо айнек идиштеринин бир нече түрү, анын ичинде бөтөлкө, банка жана светодиоддук лампалар өндүрүлөт.

