АКШ чабуул коюп, Венесуэланын президенти кармалды

АКШ Венесуэлага каршы ири масштабдагы аскердик операция жүргүздү. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдирди. Анын айтымында, Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылган.

Трамп бул маалыматты өзүнүн социалдык тармагындагы билдирүүсүндө жарыялады. Анда АКШ Венесуэладагы операцияны ийгиликтүү өткөргөнүн, операция АКШнын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөнүн белгилеген. Президент кошумчалагандай, окуянын толук чоо-жайы кийинчерээк маалымдалат. Ошондой эле 11:00дө Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында басма сөз жыйыны өтөрү айтылды.

Венесуэла бийлигинин маалыматына караганда, ишембиге караган түнү саат 2лер чамасында борбор шаар Каракаста кеминде жети жарылуу катталып, төмөн учуп жүргөн аскердик учактардын үндөрү угулган. Бийлик бул окуяны АКШнын аскердик агрессиясы катары баалап, өлкөдө чукул абал жарыялады.

Мындан тышкары, АКШнын Жарандык авиация федералдык башкармалыгы (FAA) Венесуэланын аба мейкиндигинде жүрүп жаткан аскердик аракеттерге байланыштуу коммерциялык каттамдарга убактылуу тыюу салынганын билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Каракастын ири аскер базасы жайгашкан түштүк районунда электр энергиясы өчүрүлгөн.

АКШнын Коргоо министрлиги жана Ак үй азырынча бул маалыматтар боюнча кошумча расмий билдирүү жасай элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз