АКШнын президенти Дональд Трамп Николас Мадуро бийликтен кулатылгандан кийин Венесуэланы убактылуу АКШ башкарарын билдирди. Анын айтымында, өлкөдө америкалык көзөмөл буга чейин эле орнотулган.
Маалыматтарга ылайык, ишемби күнү таңга маал АКШнын атайын күчтөрү Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармап, аны өлкөдөн чыгарып кеткен. Атайын операция узак убакытка созулган пландоонун жыйынтыгы болгону айтылууда.
Кабарларда Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес түн ичинде аскердик база аймагындагы үйүнөн кармалып, америкалык аскердик кеме аркылуу Нью-Йоркко жеткирилгени айтылат. Ал жакта аларга АКШнын Юстиция министрлиги тарабынан «наркотерроризм» боюнча айып тагылышы мүмкүн.
АКШ буга чейин да Мадурону жана анын айланасындагыларды эл аралык баңги зат соодасына аралашкан деп айыптап келген.
Дональд Трамп АКШ Венесуэланы бийлик өткөрүлгөнгө чейин башкарарын, ошондой эле өлкөнүн ири мунай запастарын эл аралык рынокко чыгарууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, Венесуэладан “чоң көлөмдөгү мунай” башка мамлекеттерге сатылат.
Ошол эле учурда Венесуэланын мамлекеттик телеканалдары Мадурону колдогон берүүлөрдү улантып, Каракастагы анын тарапташтарынын акцияларын түз эфирде көрсөтүп жатат.
Бул операциянын укуктук негизи азырынча так айтылган жок. Айрым эксперттер бул окуяны 1990-жылы АКШнын Панамага кийлигишүүсү менен салыштырышууда.
Трамп ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен Венесуэла маселесин талкуулаганын четке кагып, орус лидери менен мамилесине нааразы экенин билдирди.
АКШ президенти Truth Social социалдык тармагында көзү таңылган Мадуронун сүрөтүн жарыялады.

