Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Министр өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты. Ал ишкана Кыргызстанда халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт продукцияларын өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири экенин белгиледи.
Ишкананын негизги өндүрүшү Чүй облусунда жайгашкан. Продукциялар өлкө аймагында кеңири сатылып, фирмалык соода түйүндөрүндө жана супермаркеттерде сунушталат. Мындан тышкары, продукция экспортко да чыгарылат. Учурда ишкана Halal, ISO 22000:2018, FSSC 22000 жана HACCP сыяктуу эл аралык стандарттарга жооп берет.
Министр аймактарда өндүрүштү өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кайра иштетүү тармагын чыңдоо өлкөнүн агроөнөр жай саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ата мекендик өндүрүштү колдоо жана аймактык ишканалардын потенциалын жогорулатуу зарыл экенине токтолду.

