23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү — майрамдык макамына карабастан, быйыл иш күнү бойдон калат.
Эске салсак, 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодексине ылайык, 23-февраль расмий майрамдардын катарына киргизилген. Бирок бул датага кошумча эс алуу күнү каралган эмес.
Ошондой эле 8-март — Аялдардын эл аралык күнү — жекшембиге туш келгенине карабастан, 9-март эс алуу күнү болуп жарыяланбайт. Мыйзамга ылайык, майрам күндөрү ишемби же жекшембиге туура келсе, алар башка күнгө жылдырылбайт.
Быйыл Нооруз майрамы да ишемби күнүнө туура келет. Ага байланыштуу да кошумча эс алуу күнү берилбейт.
Ал эми март айында Орозо айт майрамына карата бир күндүк кошумча эс алуу күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, майрам 19-мартка же 20-мартка туш келиши мүмкүн. Так дата ай календарына ылайык кийинчерээк аныкталат.

