whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖогорку Кеңеште Бишкектеги кайырчылар менен күрөшүү керектиги айтылды

Жогорку Кеңеште Бишкектеги кайырчылар менен күрөшүү керектиги айтылды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-апрелдеги жалпы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов вице-мэр Рамиз Алиевге жолдордо жана коомдук жайларда турган кайырчылар менен күрөшүүнү тапшырды.

Депутаттын айтымында, Өзбекстандан келген кайырчыларды депортациялоо керек.

Парламентарий учурда шаарда селсаяктар көп экенин белгилеп, алар үчүн реабилитациялык борборлор барбы деп сурады.

«Шаардык мэрияда мындай реабилитациялык борборлор жок. Бирок биз селсаяктар менен күрөштү Ош базарынан баштадык. Азыр Токтогул, Бейшеналиев, Фучик көчөлөрүндө жок. Ал жерде спирт ичимдиктерин ичүү үчүн атайын жайлар бар болчу», — деп жооп берди вице-мэр.

Депутат Ырысбек Атажанов Ош базарынан селсаяктар башка жакка кетип жатканын белгилеп, алар үчүн реабилитациялык борборлорду түзүү зарыл деген оюн билдирди.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар