Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧолпонбай Түлөбердиев эскерилди

Чолпонбай Түлөбердиев эскерилди

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында анын 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өттү. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта теңдешсиз эрдик көрсөткөн баатырды эскерүү максатында уюштурулду.

Ага Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Райым Жолдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев,  Ч.Түлөбердиев коомдук фондунун төрагасы Турар Бортоев, Куралдуу Күчтөрдүн Согуш ардагерлеринин кеңешинин төрагасы, Биринчи май районундагы Ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев катышты.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү.

Иш-чарага ошондой эле КР Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскердик оркестри жана ардактуу кароолунун курамы катышты.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар