Башкы беткеСаясат жана коомКоомМосквада 135 жарандын укугу корголду

Москвада 135 жарандын укугу корголду

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мекеменин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КРнын Элчилиги менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан. Учурда кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россия Федерациясынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.

Эмгек министрлиги өкүлчүлүктүн кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында эле Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө жана убактылуу кармоо борборлоруна 135 жарандын кызыкчылыгын коргоп 116дан ашык чыгуу болгонун, ошондой эле 9 соттук процесске катышканын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар