Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖурналисттер жана блогерлер үчүн сынак жарыяланды

Журналисттер жана блогерлер үчүн сынак жарыяланды

Журналисттер жана блогерлер үчүн «Кыргызстандагы медиация» аталышындагы блиц-сынак өтөт.

Сынак Юстиция министрлиги жана Улуттук медиация борбору тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандагы медиация тууралуу маалыматтык материал даярдоого багытталган.

Шарттары:

  • материал сөзсүз түрдө социалдык тармактарда, ЖМКларда, ТВ-да же YouTube-да (#MEDIATOR_MINJUST хештег менен) жарыялануусу зарыл;
  • формат: макала, пост, маек, репортаж, видео, рилс же мультфильм;
  • жарыяланган материалдын шилтемеси, сынактын катышуучусунун байланыш маалыматы менен кошо 2025-жылдын 15-августу саат 17:00гө чейин mediatsiya.trening@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Тема боюнча сунуштар

  1. Медиациянын практикалык мисалдары: үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда, мектеп жана эмгек жамааттарында, бизнес чөйрөсүндө же жамааттар арасындагы чыр-чатактарды жөнгө салууда колдонуу тажрыйбалары.
  2. Медиация — коомдук байланыштарды чыңдоо, чыр-чатактарды деңгээлин төмөндөтүү жана укуктук маданиятты өнүктүрүү куралы катары үй-бүлө, коом жана мамлекет үчүн мааниси.
  3. Кыргызстанда медиатор болуунун жол-жобосу — адистерди даярдоо тартиби, талаптар, билим берүү программалары.
  4. Медиаторлорду лицензиялоо жана алардын жоопкерчилиги — кесиптик стандарттар, медиатордун укуктук макамы жана ишмердүүлүгүнө карата талаптар.
  5. Медиация тууралуу мыйзам долбоору — бул багыттагы өнүктүрүү демилгелери жана медиация институтунун туруктуулугун камсыз кылуучу укуктук база.
  6. Кыргыз менталитетиндеги медиациянын кабыл алынышынын өзгөчөлүктөрү — диалогго болгон ишеним, ортомчу катары кадыр-барктуу адамдардын орду, талаш-тартыштарды чечүүдөгү маданий факторлор.
  7. Медиация — универсалдуу көндүм катары: анын негизги билимдери жана принциптери күнүмдүк жашоодо, кесиптик чөйрөдө жана конструктивдүү коммуникацияда кандайча пайдалуу болот?

Сынактын жыйынтыгы менен үч жеңүүчүгө Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилет.

Маалымат үчүн байланыш телефондору: WhatsApp / Telegram: +996 555 271 717

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар