Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен АКШ аскердик жардам боюнча бардык жагдайларды тактап жатышканын маалымдады.
Зеленский видеокайрылуусунда: “Украинанын Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери ушул жана АКШ менен кызматташуу маселеси боюнча докладдарды беришти. Учурда коргонуу, анын ичинде абадан коргонуу системаларын берүү боюнча бардык аспектилер каралып, жумуш жүрүүдө. Кандай болгон күндө да биз элибизге аларды коргоо кепилдигин беришибиз керек”, — деди.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги АКШнын аскердик жардамын азайтары жөнүндө билдирүүсү чыккандан кийин Киев телефондон сүйлөшүүнү сунуштаган. Мекеме Киев “макулдашылган коргонуу жардамынын негизинде курал-жарак берүүнү токтотуу же мөөнөтүн жылдыруу боюнча” расмий билдирүү албаганын маалымдаган.
Украинанын ТИМи АКШнын Киевдеги убактылуу иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жон Хинкелди министрликке чакырып, негизинен Вашингтондун аскердик жардамы талкууланган.
Америкалык басылмалар булактарына таянып жазгандай, АКШ Украинага деген бир катар курал-жарагын, анын ичинде Patriot абадан коргонуу системасы үчүн ондогон ракеталарды берүүдөн карманып турат. Мындай чечимге өзүнүн аскердик запасынын азайышы боюнча тынчсыздануусу себеп болгону көрсөтүлгөн.
Украинанын Аба күчтөрүнүн байланыш бөлүмүнүн башчысы Юрий Игнат “Донбасс Реалии” радиосунун шаршембидеги эфиринде украин армиясында ар кайсы өлкөдөн келген түрдүү абадан коргонуу системалары бар экендигин айткан.
“Булар Германияныкы, Британияныкы жана албетте, АКШныкы. Америкалык курал-жарактар кыйла көп. Мен кандайдыр бир кооптуулук жөнүндө айткым келбейт”, — деген Игнат.