«Кристин» ураганы Португалиянын айрыкча борбордук аймактарында олуттуу кыйроолорду алып келди. Бийликтердин маалыматына ылайык, табигый кырсыктан жабыркаган райондордо калыбына келтирүү иштери уланууда. Ошол эле маалда синоптиктер жакынкы күндөрү катуу жаан жаап, суу ташкыны болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Учурда өлкө боюнча 240ка жакын аскер кызматкери авариялык жана коммуналдык кызматтар менен биргеликте иш алып барууда. Алар жолдорду кулаган бак-дарактардан, сыныктардан жана таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Ураган эң катуу сокку урган өлкөнүн борбордук бөлүгүндө байланышта көйгөйлөр сакталып калууда. Расмий маалыматка ылайык, дээрлик 170 миң керектөөчү электр энергиясыз калган. Алардын негизги бөлүгү Лейрия муниципалитетинде жашайт. E-Redes электр тармагын башкаруучу компаниясы электр энергиясы акырындап калыбына келтирилип жатканын билдирип, жабыркаган аймактарга генераторлор жөнөтүлгөнүн маалымдады. Учурда 450 генератор ишке киргизилген.
Шамал басаңдаганы менен, адистер алдыдагы күндөрү катуу жаан жаап, суу ташкыны коркунучу жогору экенин эскертишүүдө. Ушуга байланыштуу Португалиянын өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин жекшембиге, 8-февралга чейин узартты. Бул күнү өлкөдө президенттик шайлоо өтмөкчү.
Оппозиция жана аймактык бийликтер тараптан жай реакция кылды деген сындардан кийин өкмөт калыбына келтирүү иштерине 2,5 млрд евро бөлүүнү чечти. Бул каражат ишканаларга жана жабыркаган жарандарга багытталат. Премьер-министр Луиш Монтенегру турак жайы жабыркаган үй-бүлөлөргө 10 миң еврого чейин жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

