Башкы беткеРубрикаларАймактарНарындын өнүктүрүү фонддорунун маселелери боюнча жобо бекитилди

Нарындын өнүктүрүү фонддорунун маселелери боюнча жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө Жобону бекитти.

Маалыматка ылайык, документ Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында кабыл алынды.

Ошондой эле, cоциалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө; социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери; социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим; Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика токтом менен бекитилди.

Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар