ЖОЖдорго кабыл алуунун үчүнчү айлампасы жүрүүдө

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун үчүнчү айлампасы башталды. «Abiturient Online» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматына ылайык, арыздарды кабыл алуу 19-январдан 21-январга чейин жүргүзүлөт.

Алгачкы эки айлампанын жыйынтыгы боюнча жалпы 439 арыз катталып, алардын ичинен 399 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн сунушталган. Натыйжада 287 абитуриент окууга кабыл алынып, алардын 238и күндүзгү, ал эми 49у сырттан окуу бөлүмүнө катталган.

Эң көп арыздар Ош мамлекеттик университетине (98), Кыргыз экономика университетине (74), Кыргыз-Орус билим берүү академиясына (48) жана Кыргыз улуттук университетине (49) түшкөн.

Окууга кабыл алынган 287 абитуриенттин ичинен 72си медицина, 66сы билим берүү, 37си маалымат технологиялары, 28и экономика жана каржы, ал эми 25и юриспруденция багыттарын тандашкан. Калган абитуриенттер башка адистиктерге тапшырган.

Абитуриенттерди тандоо 2025-жылдагы күзгү жана жазгы Улуттук тестирлөөнүн жыйынтыктарына негизделет. Кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган келишимдик негиздеги орундарды толуктоо максатында жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, жогорку билим алууга мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында Кыргызстанда жергиликтүү жана чет элдик абитуриенттерди жогорку окуу жайларына жылына эки жолу кабыл алуу механизми киргизилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз