Чүй облусундагы «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 720 килограмм колбаса азыктары аныкталып, артка кайтарылды.
Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жүктүн Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербегени аныкталган.
Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада мыйзам бузуу менен ташылып келе жаткан азык-түлүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайрадан Россия Федерациясына жөнөтүлдү.
Тиешелүү кызматтар чек арадан азык-түлүк ташууда ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертишет.


