Сириянын президенти Ахмед аш-Шара күрддөр жетектеген «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» (СДК) башчысы Мазлум Абди менен макулдашууга жетишилгенин билдирди. Бул тууралуу Alaraby TV телеканалы маалымдады.
Маалыматка ылайык, келишим Сириянын өкмөттүк аскерлери күрддөр көзөмөлдөгөн түндүк жана чыгыш аймактарга — Хасака, Дейр-эз-Зор жана Ракка провинцияларына жылгандан кийин ок атышууну токтотууну камтыйт.
Жалпысынан макулдашуу 14 пункттан турат. Анын ичинде күрд кошуундарынын бардык жоокерлерин Сирия армиясынын курамына өткөрүү, СДКнын айрым мүчөлөрүнө куралдуу күчтөрдө жетекчилик кызматтарды берүү, күрддөр көзөмөлдөгөн мунай кендерин өкмөткө өткөрүп берүү, Хасака провинциясындагы бардык жарандык мекемелерди мамлекеттик институттарга интеграциялоо сыяктуу шарттар бар.
Документке ылайык, Сирия өкмөтү өлкөнүн чыгышында СДКнын күчтөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине сокку урбоо милдеттенмесин алган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрь айынын аягында күрд куралдуу түзүмдөрү менен Сирия армиясынын ортосунда кайрадан кагылышуулар башталган. 10-январга карата өкмөттүк күчтөр Шейх-Максуд жана Ашрафия райондорун көзөмөлгө алган. Бүгүнкү күндө Сирия армиясы СДК көзөмөлдөгөн түндүк-чыгыштагы негизинен араб тилдүү аймактарга да жылып, өлкөнүн эң ири мунай жана дан өндүрүүчү аймагы болгон Дейр-эз-Зор провинциясынын басымдуу бөлүгүн өз көзөмөлүнө алды.


