Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясына дайындалышына байланыштуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов Хирано Рюитини расмий кызматка киришүүсү менен куттуктап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелер туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал “Борбор Азия + Япония” Диалогунун мамлекет башчыларынын Биринчи саммити ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи.
Тараптар активдүү саясий диалогдун маанилүүлүгүн, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндө Япониянын кошкон салымын белгилешти. Айрыкча JICA агенттиги аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланып, инвестиция, салык, маданий-гуманитардык байланыштар жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

