Башкы беткеМаанилүүКыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары Кожентте жолугат

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары Кожентте жолугат

Үстүбүздөгү жылдан 31-мартында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары Кожент шаарында үч тараптуу саммит өткөрөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында билдирди.

Эдил Байсалов БУУнун трибунасынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгы биротоло макулдашылганын жарыялап, бул окуяны «дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый салтанаты» деп атады.
«Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун көрөгөч жетекчилигинин, анын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара урматтоо жана ишеним аркылуу чечиле тургандыгын далилдедик», — деп баса белгиледи Э.Байсалов.

Мындан тышкары, ал 31-мартта Кожентте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчыларынын тарыхтагы биринчи үч тараптуу саммитин өткөрөөрүн жарыялады.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар