Агартуу министрлиги мектепке онлайн каттоо 15-августта жыйынтыктала турганын эскертип, ата-энелерди балдарын өз убагында каттоодон өткөрүүгө чакырууда.
Маалыматка ылайык, быйыл өлкө 12 жылдык билим берүү системасына өткөнүнө байланыштуу каттоо бир эле учурда 1-класска жана 2-класска жүргүзүлүүдө. Тиешелүү жылдардагы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт: 2018-жылы төрөлгөндөр — 2-класска, 2019-жылы төрөлгөндөр — 1-класска.
1mektep.edu.gov.kg платформасындагы ачык маалыматтарга ылайык, азыркыга чейин 178 миңге жакын бала мектепке катталган. Ошол эле учурда 111 миңден ашуун бош орун бар, анын ичинде 27 миңи жеңилдик категориясына таандык балдар үчүн каралган.
Министрлик ата-энелерди каттоо жараянына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, мүмкүн болушунча эртерээк каттоону аяктоону сунуштайт.
Кошумча суроолор жаралса, акысыз иштеген 110 номерине чалып маалымат алууга болот.

