whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПакистанда Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Пакистанда Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Пакистандын Исламабад шаарында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиясынын кезектеги 5-отурумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында тармактык кызматташтыктын келечеги кеңири талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды орнотууга көмөктөшүүгө, транспорттук, авиа жана туристтик багыттарды биргелешип илгерилетүүгө, логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, энергетика жана тоо-кен тармагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Пакистандын фармацевтикалык продукция өндүрүүчүлөрү ортосунда кызматташтыкты жолго коюуга макулдашты.

Маданий-гуманитардык байланышты чыңдоого да макулдашууларга жетишилди, өзгөчө жогорку окуу жайлары (ЖОЖдор) ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, чыгармачыл делегациялардын үзгүлтүксүз алмашуусун уюштуруу жана эл аралык спорттук иш-чараларга өз ара катышуу боюнча.

Сапардын алкагында Кыргызстандын делегациясы Карачи шаарындагы эл аралык деңиз портуна да барып, Пакистан Соода-өнөр жай палаталары федерациясында (FPCCI) бизнес чөйрөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Санжар Болотов Пакистандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берди, ошондой эле экономиканын негизги тармактары — соода, логистика, каржылык инструменттер, энергетика, өнөр жай, тоо-кен тармагы, фармацевтика жана туризм боюнча инвестициялык потенциалды сунуштады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар