Барсбек. Эң соңку түн

(тарыхый новелла)

(Аягы. Башталышы өткөн санда)

– Кабарым бар. Кытайдан бадизчи алдырып, Орхон менен Алтайга, Кем кежиттин бойлоруна балбал таштарды койдурам деген ниети бар деп укканыма көп болду. Теңирим жалгаса, биз да чектиребиз, каганым. Бирок менин тынчымы алган башка нерсе го…

– Не болду? Кеп кыла отур.– Барсбек каган Эгинчиге жакыныраак   отур дегендей ишаарат этти.

– Каганым, кийинки күндөрү ар нерседен тынчым кете турган болуп алдым. Оюм бир жерге токтобойт, санаам тынчыбайт. Уйку жок. Баарынан да  түшүм бузулду… Качан болсо жүнү көмүрдөй капкара, көздөрү кан иччүдөй  кыпкызыл  ач карышкыр артыман кубалайт да турат. Же алдыман тороп бир кадам бас-тырбай ыркырайт. Же тиш салмакка мага атырылат. Түн жарымында кара терге түшүп ойгоном. Ойгонуп алып, о теңири, түш турбайбы, эл-журт аман, бала-бакырам кашымда экен го деп, жакамды кармайм. Үй ичин ысырыктатам. Айлам кетип, айылдын этегиндеги дарымчы кемпир Соного да бардым. Дарымдаттым, алас-алас кылдырдым. От да аттадым. Айтор, баарын жасадым, бирок жардам болбоду. Жүрөгүм эч бир ордунда эмес эмнегедир…

– Көп болдубу?..

– Ушу Сунганын жээгине конуш алгандан бери. Эмнегедир көңүл кушум эч бир түшпөдү ушул жерге. Кереметтүү Кем кежиттин, же болбосо Орхондун жээги кандай сонун эле кыштоого…

–Мастан кемпирге барып түш жорутуп, сен да мукураган экенсиң, Эгинчим. – Барсбек каган мурутунан жылмайды.

– Кемпирдин жоруганы курусун. Түшүмдү айтып берсем, жамбашына бычак жегендей так секирип, түйдөктөй болгон куу чачын жулмалап, жиндиге окшоп кыйкырып, өкүрдү. “Кеткиле, кеткиле ушул каргыш тийген Сунгадан! Мен какбаштан башкаңар тез журт которгула! Ажоңо барып айт, этегине жыгыл, буркурап боздо” дейт.

– Сен мага ошону айтайын деп келдиңби?

– Ооба, сиз чакыртканда мен өзүм да бул жакка аттанайын деп аткан болчумун. – Аккуш кашка чын эле тынчы кетип, ою бир жерге токтобой турганын ажо эми байкады. Бая эшиктен киргенде көңүлү ток, жайдарыдай көрүндү эле…

– Эми мастан кемпир айтты деп, кыш ортосунда кайда көчмөк элек. Демиңди бас. Бүгүн эле биздин уруу башчылары, Куланчур баатыр, бир нече дархандар келип кетишти. Коогалаңга түшө турган эч бир себеп жок, Эгинчим. – Коңур үндүү, жүзүнөн ишеним менен кайрат төгүлгөн  Барсбек каган Аккуш Эгинчини далыга таптап, көңүлүн жайкады. – Андан көрө оң капталыңан жатып, түшүңдү оңдо. Сен ушул сөзүңдү эл арасында улам-улам айта берсең бекер кыргызды коогалаңга саласың. Сенин сөзүң оору кишиге шыпаа, душманга чабылган кылыч, жаанын чыркыраган жебеси экенин унутпа, баатыр.

– Чынын айтсам, кийинки күндөрү жүрөгүм түпөйүл. Култегиндин колу көптөн бери Көгмендин кырына чыгып, жол таптап из салып, бирок белден бери ашпай, козголуп атат деген имиш уктум, ажом. Эки күндүн биринде көк бөрү, кыйкырык чуу дейт. Биз болсо аттардын баарын акырга байлап, же суутпай, же көкбөрүгө чаппай, тумсак кыла турган болдук. Бу Сунга деген жериңиз төрт тарабы туюк, өйдө бассаң чер токой, ылдый жөнөсөң көк жалама муз, андан ары кетсең төрт кез бийик зоо, шаркыратма экен. Капталдай бассаң Саяндын кыркалаган тоо-токою. Сиздин ак көңүлдүгүңүздөн пайдаланып, кокус бирдеме болсо баш бурууга мүмкүн эмес туюкка апкелип
коюшкандай сезилип атат мага, каганым. Кайда барба кымыздан арак тартып
дуулдаган кыргыз. Дурусураак кыймылдаган эле ушу биздин темирчилер, жарак жасаган усталар.

– Аккушум, башка кейисе да сен кейип-кепчибе. Теңирим колдой келген бизди, дагы колдойт. Ишибиз ак, Капаган каган менен Култегиндин бизден доолай турган аласасы же кун төккүлө деп кыстай  турган себеби жок. Кыргыздын байрагы, эн тамгасы өзүнчө, алардыкы өзүнчө.  Элчилери, ортомчулары келсе, жок, силер менен тууган эмеспиз, жатпыз силерге, кайнаса каныбыз кошулбайт деп итке талатпадык, эч кимисин четке какпадык. Биринчи барып кол салбадык. Бирок бизге ким кол көтөрсө, ар дайым катыгын колуна берип келатабыз. Билээрсиң, Кытай менен жакшы алакабызды жактырбагандар, кайра аны бизге тукургусу келгендер чеке-белибизде жок эмес. Душмандык кылам дегенге кыргыздын  кылычы ар дайым кынынан суурулуу. А менин ата–бабадан калган сыр найзам тетигине, керегеге жөлөнүү,  ач албарсым кынында. Кулансары аргымагым качан болсо сууту бышык, акырда аса байлануу.  Кыргыз үчүн өлсөм жанымда кылычым, колумда найзам менен, ат үстүндө өлсөм деген жигиттик  ниетим бар…

Аккуш Эгинчи Барсбек кагандын сөзүн уккандан кийин бир аз көңүлү жайланды окшойт. Дагы бир топко аркы-беркини кобурашып отуруп, башка айта турган кеби калбагандыктан Барсбек менен коштошуп, караңгыга калбай  үйүнө кеткенге кам урду.

Аккуш кашка кеткен соң  ажо  кийинки убакта тез-тез уйкусун бузган бүдөмүк ойлор, туюк санаалар, шек саноолор менде эле эмес, башкаларда да бар экен го деп ичинен таң калды.   Бүгүн эле келип, учурашып кеткен үч чоң уруунун бектери да ушул кооптонууну айтып кетишти… Демек, Аккуш Эгинчинин сөздөрү бекеринен чыккан нерсе эмес экен го деди каган ичинен.

Түн ортосуна ооп бараткан кезде Барсбек каган жалаң гана эл менен жолугуу үчүн атайлап тигилген чоң өргөөдөн чыгып, келинчегинин, Элтериш кагандын кызы Түрге-хатундун өргөсүн көздөй бас-ты. Эртеден бери эшик тындырбай кирип-чыккан элдин кеп-сөздөрү каганды кадимкидей чарчатып, дене-боюн талыкшытып койгон эле.  Айрыкча Аккуштун кеби Барсбектин оюн бир топ уйгу–туйгу кылып, ансыз да түпөйүл кылып жүргөн санааларын ого бетер шамал  үйлөгөн тозоңдой бурганактатып таштагансыды…

Басып баратып, демейде боз үйдүн тегерегинде уктабай ары-бери баскан күзөтчү жигиттердин бири да көрүнбөгөнүн байкап, булар кайда кеткен деп таң калып койду каган. Суукка чыдай албай, отко жылыналы үйгө кирип кетишкен го деп ойлоп койду ичинен. Кароолчулардын боз үйүнөн өтүп баратып сынамакка катуу-катуу жөтөлүп койду ажо. Үй ичиндеги кобур-күбүр дароо тынчый түштү. Отко жылынгандар жалаң гана күзөттөгү жигиттер эмес экенин кыткылыктаганы тып басылган үндөн эле билинип калды. Аңгыча Бекчоро баштаган үчөө тапырап сыртка атып чыга калганы. Эки бети отко кактагандай мантайган, шашкандан эмне дээрин билбей алдастаган жээрде мурут Бекчорону көрүп аз жерден бырс күлүп жибере жаздады ажо. Ак көңүлдүгү атка бергис, шашмалыгы издесе тапкыс деп Аккуш Эгинчи эбак эле баа берип койгон буга. Баатырлыгычы…

– Ажом… кайда баратасыз… мен… биз…отко жылыналы деп… – Күлкүсүн эптеп тыйган ажо басыгын бир аз жайлата, бирок олуттуу үн менен:

– Кайда баратат деп ойлодуң эле?.. –Суроого суроо узатты каган. – Катуу үшүгөнсүң го кебетеңе караганда…

– Ошо отко жылыналы деп…

– Ийе, жакшылап жылын. Ысык отко кактанам деп атып, бир жериңди куйкалап алба! – Ак көңүл, мүнөзү шар, бирок азил сөздү көп түшүнө бербеген Бекчоро ажонун тамаша аралаш сөзүн жакшы түшүнбөдү окшойт, кайра калдалактап:

–Жоок, куйкалабай калайын, ажом… Сиз… Атты тартайымбы? – Бекчоро такыр эле калдаңдап калды. Тоодой болгон балбан жигитке  же шашмалык жарашсачы…

– Эмне, түн ортосунда атка минип мышыктын тоюна барат белем, баатыр? Же… белгилеп койгон жериң барбы? Кеттик андай болсо!..

Бекчоронун жанындагы жигиттер күлкүсүн тыя албай, бырс күлүп, акыры азил сөз кыраан каткы күлкүгө айланып кетти. Барсбек ажо айласыздан кошо күлдү. Ошондо да тамаша сөзгө анча табити жок Бекчоро баатыр элдин эң артында жылмайды.

“Бу балакет баскан Бекчорону эмне кылыш керек… Деги ушунун кыздарга сөз таап сүйлөшүп, бирөөнүн көңүлүн табаарына ишенбейм. Жортуулга чыкса мындан өткөн шер жок, бирок кыздарга калганда эле мурду тердеп, кеп айталбай какалып калчу эле… Олдоксонун кантесин анан. Ортомчу салып жүргөн кызына тез үйлөнтпөсө башы айланып, таптакыр колдон чыга турган болуп калды окшойт”.  Кошо басалы дегенсип артынан ээрчиген жигиттерге кала бергиле деп кол жаңсап, Барсбек андан ары басты.

Апапак кардын кылаасында кыркалекей тарткан катар-катар боз үйлөр караңгыда бүдөмүктөнө көзгө тартылып, иттердин гана андан-мындан тынбай абалаганы болбосо, ордонун тегереги коюу тынчтыкка сөнүп, айлана-тегерек уюган караңгылыктын кучагына көөшүп бараткандай эле…Аяздуу түндө жылдыздар ого бетер ачык жымыңдап, асман бетин бербейт. Тоонун карагайлуу кырына тийип-тийбей каалгыган кетик айды карап, ии, ай корголоп батып калган экен го деп койду ичинен Барсбек каган.

Эми эртең Тибеттен аман-эсен келген элчилериме арнап кадимкидей шаан-шөкөт жасап, кара кой союп садага чаап, туу калган бээлерден, кысыр эмди тайлардан темирчи усталар каңдаган жез казандарга эт астырып, той жасап коелу деп уйку-соонун арасында ойлонуп баратып, Барсбек баатыр кызуу уйкуга кетти.

Эртеси таң эртеден хан өргөнүн тегерегиндеги кобур-күбүрдөн ойгонуп кеткен ажо ордунан шашпай туруп, сыртка чыкты. Кароолдогу жигиттер коруганына карабай, жылкынын кишенегени, тобурчак аттардын ооздук чайнап окуранганы, алыс-жакындан үн салган эл-журттун бас-кан-турганы баары бир кулакка жетпей койбойт эле. Анын үстүнө бүгүн Сунганын этегин конуштаган хан ордодо элчилердин аман–эсен келишине багышталган ата салты жасалмакчы, ажонун дасторкону жайылмакчы, ырчылар үнүн созуп, акындар жорго сөздүн жарышында жаагын жанмак. Мунун баарын уюштурган Куланчур кашка. Куланчурга кызыл кементай кийгизип, колуна найза карматып, жасоол кылып койсоң – мына ошондо көрүп ал анын жөн билгилигин, капилеттен сөз тапкан чечендигин, билгичтигин.

Айткандай эле хан ордодон обочорооктогу кенен тектирге катар-катар боз үйлөр тигилип, ар кайсы жерде кереге жайган, түндүк көтөргөн, уук сайган эл-журт. Баарынын маанайы жакшы. Азил-тамаша аралаш кыз-келиндердин шыңгыр  күлкүсү жаңырып, ага  түндүк көтөргөн эр-азаматтардын каткырыгы, аттардын кишенегени, кой-эчкилердин маараганы кошулуп, аркан бою көтөрүлүп калган күндүн нурунда кызыл жошого боёлгон кереге-ууктар, аларга аралаш катар-катар сайылып турган кызыл, көк, ал гана эмес ак суптан жасалган асабалар айлана-тегеректеги бака-шакага аралашып,  көргөндүн көзүн кубантат. Ар кайсы жерге алты бакан селкинчектер тикеленип, хан ордонун тегерек четинде Куланчур өзү баш-көз болгон шаан-шөкөт иштери эбак кызып калган кези экен.

Барсбек ажо каз катар тигилген боз үйлөрдөн созолонуп чыккан түтүндөргө көз таштап, кыргыздардын эч нерседен бейкапар шаан-шөкөткө даярданып атканына ичинен топук келтирип, ушул тынч-тык, ушул бейпилчилик үчүн канча күч корогонун, керек болсо нечен жолу кан суудай акканын ойлоп турду. “Качан болсо кыргызды тайып, берекесин аябаган Көкө Теңирге ыраазымын, ушул бейкутчулук, ушул бейкапарлык элиме буюрсун” деп ниет кылып турду кыргыздардын ажосу. Кечээ кечинде кыргыздын даркандарын кабыл алып, Тибеттен ат арытып келген Эрен Улук элчинин жүзүн көрүп, Аккуш Эгинчини жубанткан ак өргөдөн эрте мененки насиптен шам-шум эткен соң Барсбек каган жан жигити Бекчоро менен Куланчурду ээрчитип тектирдеги эмитен опур-топур болуп баштаган  эл-журтту аралай басты.  Куланчурдун айтканына караганда бүгүн казан-казан эт тартылат, көөкөрлөр толо бозолор ичилет, атайын тазаланган тегеректерде чокон атылат, ордо ойнолот, кымыздан тартылган арактар ичилет, атпай журтка аты чыккан акындар тилин безейт, ат чабыш менен көк бөрүдөн башкасы калктын назарын буруп, көңүлүн көтөрмөкчү.

“Мейли, ата-бабалар айткандай, согушмак бар, согуш артынан ат терисин кургатып, конушмак бар. Эл төрт ай сапардан аман-эсен келген элчилердин жүзүн көрүп, сүйүнүч этсин, көңүлүн көтөрсүн…” деп ой жүгүртүп турду Барс-бек каган.

… Күн төбөгө келип, оюн-зоок эми кызыгына келгенде каган Эрен Улукту, Аккуш Эгинчини ээрчитип, хан өргөгө келди, себеби элчи мырза кечээ эле ээн отуруп, кеңеш сала турган кеп-сөз бар деген болчу.

Элчинин көргөн-билгендерин, түп Бээ-жин менен Тибеттин ич ара тартышын, алыстагы  тили буруу калктардын Алтай менен Энесайды, Саяндын тоо кыркаларын жердеген түрк тилдүү журттар тууралуу пикирлери чынында да өтө кызык жана маанилүү эле. Элчи менен Аккуш Эгинчи болуп күүгүм талашка чейин баар-
лашкандагы негизги бүтүм ушул эле – кыргыз дөөлөтүнүн керегесин дагы тикелеп, каганаттын канатын дагы кенен жаймак лаазым. Милдет ушу, максат ушу.

Элчи менен Акккушту узаткан соң Куланчурдун той-тамаша тууралуу, бүгүнкү эл ичиндеги маанай тууралуу кебине кулак түрүп, коштошконго келген даркандарга да көңүл буруп, акыры Барсбек ажо Түргө зайыптын өргөсүн көздөй  басты. Эртең аткарыла турган, чегере турган иштер көп эле. Өтө көп эле…

Тектирдеги ою-зоок көпкө барып анан сээлдеди, сыягы кечки суук элди үйгө карай сүрдү окшойт.

…Элчинин кызыктуу кептерин ойлонуп отуруп, кичинекей көзү илинип кеткен экен, каган күтүлбөгөн кыйкырык — чуудан чочуп ойгонду. Адегенде эмне болгон ызы — чуу экенине эч бир түшүнгөн жок. Май чырактын  бүлбүл жарыгында эшиктен баш баккан Бекчоронун алаңдаган көзү баамына урунду.

– Ажом! Ажом! Култегиндин түмөндөрү бизди оромого алыптыр деп кабар келип атат! Аттаналы ажом! Кулансары аргымак токулуу, жоо-жарагыңыз белен!

Барсбек каган чабарман эмнеге түн ортосунда айгай салып кыйкырып, тополоң түшүп  атканын адегенде анча жакшы түшүнгөн жок. “Култегин”, “түмөндөр”, “оромо” дегенде барып, иш чын эле жаман экенин туйду. Ыргып туруп, арыдан-бери кийинип, чогойносун күмүш кемерин белине курчанды. Найзасы, кылычы, башка кийген туулгасы күндүзү отурган өргөдө калганын эстеп, шашылыш ордо үйгө баш бакты. Ал жерде Куланчур баатыр, бүгүн эле алыс сапардан кайтып келген Эрен Улук баш болгон бир топ жоогерлер чогулуп калган эле. Кап, аттиң, элчи менен сөздү эртеңкиге калтырбай, бүгүн эле бүтүрсөм болмок экен деген өкүнүч кылт этти ажого. Эртең, эртең… Күнүгө эртең деп жүрүп өмүрүбүз өтөт экен го…

Жоо–жарагын шайланган ажо чогулуп турбагыла дегендей колун шилтей:

– Аттангыла!.. – деп кыйкырды.– Аттангыла! – Белинде кылычы, колунда найзасы бар Барсбек аргымагы Кулансарыга ыргып мингенин көргөн эрендер дароо байлануу турган аттарга шап минип, айыл аралай чапкан Барсбектин артынан чу дешти. Айлана-тегерек тез эле ызы-чуу түшүп, “Аттангыла!”, “Жоо келди!”, “Тургула!” деген кыйкырыктар туш-туштан угулуп, заматта атчаны атчан, жөөсү жөө ары-бери чуркаган эл тегерекке толуп кетти.

Күндүзү эмес, түн жамынып кол салган жоону илгертен эч ким сыйлачу эмес көчмөндөр арасында. Түндөсү басмак – өз күчүнө өзү ишенбестик, уурулук деп кабыл алынчу. Канча кармашта жүрүп, канча салгылашта кырылышса да Барс-бек каган беттеген жоосуна түн жамынып эч качан кол салчу эмес. Сунганын токойлуу өрөөнүн жээктей конуп, быйыл-кы кышты ушул жерден өткөрөлү дегенде макул эткенинин бир себеби да ушул эле: душман түн жамынып басат деп эч качан ойлобогон. Анын үстүнө качан болсо тууган элбиз, тамырыбыз бир, тегибиз окшош деген Култегиндин түмөндөрү минтип кыш ортосунда, ай караңгы түндө капыл-тапылдан кол салаарын ким билиптир. Баарынан да жанды кашайтканы – караңгыдагы уу-чууда кимиси кыргыз да, кимиси көк түрк экенин билип болбойт эле.

Барсбек эч качан мынчалык жаалы келип, мынчалык кан ичмеси кармаган эмес.

– Култегин!.. Тапкыла Култегинди! – Ажонун айкырыгы үрөй учургандай
каардуу чыкты. – Култегин, чык бери, кел ортого эр болсоң! Баатыр болсоң кел ортого! Ха-аа!.. – Тоодой болгон Кулансары ажонун үнүн укканда андан бетер оолугуп, караңгыда бирин-бири жөөлөгөн топту омуроосу менен, күү  менен сокту…

Барсбек азыр караңгыда уурулукча кол салгандардын кимиси болсо да боо-рун жара сайып, канын суудай төккүсү келип турду.  А бирок ай караңгы түндө эч ким сөз укпай, тааныбай, бири-бирин аттан кулатып, жоосу ким да, досу ким экени белгисиз болуп, заматтын ичинде дүйнө астын-үстүн алакайыр болуп, бүт баары аралашты да калды…

Кулансары темингенде эле ордунан атырылды. Маңдай туштан бери карай айкырып келаткан атчандардын эки-үчөөн Барсбек атырылган аргымактын омуроосу менен  ким болсо ошо болсун дегендей көмө коюп өттү. Дагы бирин дароо эле аттан ыргыта сайды. Кылычын кындан суурду. Кармаштын кызыгына эми кирип келаткан кезде “Кыргыз! Кыргыз!” деп айгайлаган, артынан куйрук улаш айкырык салып келаткан Бекчоро баатыр экенин билди. Ал деле ушул Барсбекке окшоп улам туш келгендин башын кесип, ким болсо да канын иче тургандай жаалы келип турганын туйду ажо. Айткандай эле капталдан ажого кол салчудай качырып келаткан бирөөнү найзасы менен жыга сайды Бекчоро. Аңгыча туу-ра жактан ач кыйкырык салып, ажону көздөй уруп–салып келаткан найзачан жоогерлерди көргөндө Барсбек атайын ат тизгинин бура тартып, маңдай тушка жакындаганда колундагы ач албарсты кыйгачынан шилтеп алды… Аты менен кошо көмкөрөсүнөн жыгылган жоогердин башы кийген туулгасы менен кошо  томолонуп барып карга аралашты.

– Култегин! Чык, Култегин, чык ортого, чык бетме-бет!.. –Эми Барсбекти токтотуу мүмкүн эмес эле. Кадимки кан ичмеси кармап, издегени бирөө… Көксөгөнү бирөө…

“А-аа!.. Жайла!.. Ме сага!” Кимди ким билсин, эки жактан бирин-бири сүрүп, бири-биринин канын суудай төккөн эл. Адам өмүрү бир шилтенген кылычтын мизинде, найзанын учунда  кетип, чамгарактап түйүлгөн аттардын туягында жанчылган  кан аралаш камыр болуп жуурулду…

Баш көргөндү көз көрбөгөн каран түн ушинтип келди кыргызга…

Аттиңай, кардын калыңдыгын айт да, түндүн караңгысын айт. Чын жоо болсо жоо катары бет алды келип, айкырып найза сунса болбойбу…

– Артты кара! Куугунтук!.. – Бул  ач айкырык Бекчоронуку  эле. Арт жактан келаткан аттардын опур-топурун  ажо өзү деле сезген болчу. “Аа-аа!” деген  кыйкырык чыгып, “Чап!”, “Ур!””Жайла” деген үндөр угулуп, арттагы күтүрөгөн кол жуп жакындаганда, Бекчоро оромого кабылып, куугунчулардын колуна накта түшкөнүн сезди Барсбек. “Бекчородон айрылдымбы?” деген ой жанын ого бетер кашайтып, маңдайына ким келсе аттан сулата берди Барсбек. Аңгыча болбой далысына кимдир–бирөө найзаны күү менен ургандай болду. Дем алганы буулуп, далысы куруша түшкөнүнө караганда, найза эмес, жаанын огу тийгенин билди ажо. Ошондо барып, ушул караңгы түн анын өмүрүнун акыркы түнү экенин чала-була туюп, бул түн караңгы түн эмес, нака Каран түн болуп калабы деген ой сезиминин түпкүрүндө жылт этти… Капталына дагы бир найза күч менен келип урулганын билди. Ай далысы ысып, эки капталы чылпылдап, кийимдери нымдашканына караганда  кан  денесине жайыла берди көрүнөт.

Кулагынын дал түбүнөн жебелердин огу биринен сала бири ышкырат. Эки далысы менен эки капталы калбыр болуп кеткендей сезилди ажого. Бирок Барсбек кагандын колу тизгинди кое бере турган түрү жок…

Чаап баратып, тизгинди катуу тартты. Ошенткенде көк бөрүнүн туйгуну деген наамы бар  Кулансары тык токтой калмай адаты бар эле. Ажо үзөңгүгө чирене калып, ооздукту тартканда аргымак чын эле арткы буту менен карга дыргаяктап барып, тик түйүлө калды. Барсбектин көксөгөнү – жок дегенде бир ирет куугунчулар менен бет келишсем, кокус бет келсе Култегиндин өзү менен бир ирет бетме-бет  кылычташып, каалагандай жулкулдашып алсам деген ой эле. Жок, андай болбоду. Калканын бетке алып, кылычын шилтегенде жанынан күү менен капталдай өтүп кеткен куугунчунун жумшак этине курч  кылычтын учу терең батып кеткенин бир билди.

Кулак түбүнөн ышкырган, туш-туштан жааган  жебелер эми эки жак капталын калбыр кылып ийди сыяктанат. Барсбек бир, куугунтуктагандар, туш тараптан орогондор көп эле… Анын үстүнө каганды  караламан топтон айрып тааныш өтө оңой болчу, себеби сары тору   аргымак Кулансары караңгы түндө да агыш болуп бөлүнүп, көзгө  бадырайып көрүнүп турчу.

Тапырап өтүп кеткен куу-гунчулар ат тизгинин тартканча Барсбек артты көздөй, ордо тарапты көздөй чу деди. Кулансары кудум көк бөрүдөгү өнөрүн көрсөтүп, турган жеринен артка чимирилип, чу дегенди укканда эле алдын карай атырылды. Конуш четиндеги жалбырттап аткан боз үйлөрдү ошондо көрдү… Ошондо ээрде шалактаган өлүк денелерди, минген ээси жок, каякка басаарын билбей кишинеген аргымактарды көзү чалды…

Колдон күчү тайып, кан көп кеткенден көзү караңгылап кеткенин сезип, бирок тизгинди бекем кармап, ээрге өбөктөп, алдыга атырылган Кулансарыны жайына койду. Көкбөрүнүн дулдулу Кулансары жолдон адашканын ошондо билди. Азыр ал көнгөн жолу менен ордону көздөй эмес, эмнегедир  башка жакка бурулуп кетти. Кайда баратат Кулансары?… Көрсө, мынабул опур-топурду көк бөрүнүн опур-топуру деп сезген Кулансары алдыда салып-уруп бараткан чабендести жандап кетип  бараткан тура… Алда айланайын жаныбар ай…

Тизгинди колдон чыгарбады ажо. Эч качан тизгинди – эки тизгин, бир чылбырды колдон чыгарып көргөн эмес эле Барсбек каган. Кулансарынын эле эмес, калдайган калың кыргыздын, кыргыз улусунун эки тизгин, бир чылбырын…

Астындагы аргымак эми кызыгандай алдыга түйүлдү…  Таманы жаңы кызыгандан кийин ага камчы салыштын эч бир кереги жок. Дагы башына ой кылт этти: Кулансары жолдон адаштыбы?… Жок. Эч бир адашпады. Астында уруп-салып кетип бараткан караанды кууп жетмейинче токтобойт эми. Бул анын көк бөрүдө үйрөнгөн адаты. Анын оюнда астыңкы атты кууп жеткенде ажо көк бөрүнү тигиден жулуп алат, андан соң Кулансары болгон күчтү салып алдын көздөй безет… Бул өнөргө Кулансары нечен жолу көк бөрүгө чабылып жүрүп абдан үйрөнгөн эле… Аңгыча кууп бараткан чабендес ат-көлүгү менен карга көмөлөнүп, Кулансары анын үстүнөн төрт аягын тийгизбей алыс каргыды.

Барсбек ажо астындагы аргымагы такыр эле айылдан четтеп кеткенин, бет алдын көздөй безип баратканын билди. Кулансары артынан дүбүрөп кубалап келаткан куугунчулар улам азайып келатканын сезди окшойт, ансайын   жетээр жерге  жакындап калгандай өрөпкүп, топту жарып чыгып кетип бараткан сымал ооздугун кемире тиштеп, алдын карай салып-уруп кетип барат. Мунун баары анын көк бөрүдө үйрөнгөн адаты…

Аргымак  эми эч кимге жеткирбештин аракетинде эле.  Үстүндөгү чабендес чу дегенден кийин эч кимге жеткирбей безиш Кулансарынын башынан келаткан көнүмүшү. Айрыкча ач айкырык, куу сүрөөн арттан калбай кууп келатса…

Эти жаңы кызыган  аргымакты ажо өз жайына койду. “Өлсөм ат жалында өлөм, көмүлсөм жоо-жарагым менен кошо жатам” деген тилегин эстеди Барсбек каган. Азыр Кулансарыны каякка бурсаң ошол жакка кете берет. Отко салсаң отко,
сууга десең сууга…

Ажонун тизгин кармаган шадылуу колу эми Кулансарыны айыл четиндеги  Сунга суунун жайы–кышы күркүрөп турчу шаркыратмасын, өрөөн этегиндеги тик зоону көздөй бурду…  Тизгин кармаган акыркы аракети ооздугун кемире тиштеп, кайда бурсаң  эч бир кетенчиктебеген Кулансарыны шаркыратманын төрт кез келген бийик жарын, муз менен кар басып турган кашатын, Сунганын күркүрөгөн иримин  көздөй буруу сыяктанды.

Акыркы жолу ажо Кулансарыны эки кур теминди. Бараткан багытынан адашпасын деди.

Акыл-эси даана кезде жылт эткен сезим – Кулансары күч менен түйүлүп, бир жакты көздөй учуп бараткандай эле. Кайда?.. Мен ат менен кошо  учуп баратамбы деген бүдөмүк ой кетти.

Ооба, улуу каган канатын кере кагып, тизгинди акыркы жолу бар күчү менен силкип, Сунганын жылдыздуу асманында, алга атырылган Кулансарынын үстүндө тике сунулган найзасы менен өлбөстүктү, түбөлүктүүлүктү көздөй сызып бараткан эле…

Осмонакун ИБРАИМОВ

 

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар