Бишкектеги “Спутник” радиосунун кеңсесинде “Евразия” медиамектебинин ачылышына арналган пресс-конференция өтүп, ага журналист журтчулугунун өкүлдөрү катышты. “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редактору Елена Жолобова “Евразия” медиамектеби ачылышы – билим-тажрыйбаларын өркүндөтүүнү каалаган жаш журналисттер, студенттер, аймактык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү иш-чара жакшы болгонун белгиледи.
Мен да сөз сүйлөп Бишкекте “Евразия” медиамектебинин ачылышы менен – жаш медиа-адистердин, бул кесипке кызыккан жана шыктуу жаштардын билимин, практикалык жөндөм-шыгын, чеберчилигин арттырууга жакшы шарттар түзүлүп жатканын” айтып өттүм.
Пресс-конференция учурунда Москвадан тележурналист, “Евразия” эл аралык сыйлыгынын эксперттик кеңешинин мүчөсү Константин Придыбайло видео байланышка чыгып “медиа мейкиндигинин мүмкүнчүлүгү кеңейип жаткандыгын, ушул жагынан көмөктөшүү “Евразия” медиамектебинин милдеттеринин бири болорлугун, медиамектепте россиялык белгилүү эксперттер да сабак өтүшөрүн” билдирди.
Теле алып баруучу Светлана Акматалиева теле-радионун бүгүнкү күндөгү милдеттери, жаңы технологиялардын өздөштүрүлүшү, телекөрсөтүү журналистикасындагы жаңы ыкмалардын ишке ашырылышы тууралуу сөз кылып, бул багыттагы окуулар менен машыгуулар медиамектепте билим алгандарга пайдалуу экендигине токтолду.
“Евразия” уюмунун Бишкектеги өкүлүнүн пресс-катчысы Толкун Камчыбекова медиамектепти ачуу маселеси кызуу колдоого алынганы, андан сырткары “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстан көп чөйрөлөрдө өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүп жатышканы жөнүндө маалымат берди.
Атап айтканда, “Евразия” уюму “Евразиялык лицей” долбооруна ылайык Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерге 100 мектептик автобус берген. Бул программа боюнча Кыргызстандын мектептеринде орус тилин окутуучу мугалимдерге болгон муктаждык чоң экендиги эске алынып, “Евразия” уюму Кыргызстандагы мектептерге 40 волонтёр – мугалим жөнөткөн жана алар Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында иштеп жатышат.
Ошондой эле “Евразия” уюмунун каржылоосу менен Бишкектеги № 27 мектеп толук ремонттолууда, республиканын жогорку окуу жайларында студенттер үчүн лекциялар жана практикалык машыгуулар өткөрүлүп турат. Ал эми ЕАЭСтин 10 жылдыгынын урматына – Бишкекте “Евразия” өзгөчөлүү маданий-көңүл ачуучу паркын куруу жүргүзүлүп жатат. Паркты ушул жылдын жайынын акырына чейин ачуу белгиленген.
Пресс-конференцияда – экономикалык, саясий жана эл аралык турмуш боюнча баяндамачыларды, жалпы эле журналист кадрларын даярдоонун сапатын жогорулатууга байланыштуу ой-пикирлер айтылып, пропагандалык журналистика жөнүндө сөз козголду.
Курманбек РАМАТОВ,
КР Журналисттер союзунун
төрагасынын орун басары

