Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы белгиленүүдө. Согуш мезгилинде Кыргызстанда да жеңиш үчүн көп иштер жасалган. Аны күбөлөндүргөн көптөгөн документтер Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде сакталып турат. Анын ичинде Коргонуу өнөр жайына тиешелүү документтер да бар. СССР Эл Комиссарлар Кеңешинин Аткаруу комитетинин чукул кабыл алган токтомунун негизинде 1941-жылдын төртүнчү кварталында Поволжья, Урал, Батыш Сибирь, Казакстан жана Орто Азияда согуштук-чарбалык иштерди жүргүзүү пландары ишке ашырыла баштаган.
Россиянын согуш талаасына чукул шаарлардагы завод, фабрикалар эвакуацияланган. Кыргызстанга эле 28 завод- фабрикалар көчүрүлүп келген. Анда иштеген кызматкерлер үй-бүлөлөрү менен кошо эвакуация болгон. 1941-жылдын сентябрь айында Ворошиловград шаарынан №60 – заводдо иштеген кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү менен Кыргызстанга эвакуация болуп келген. Бул ошол мезгилдеги чоң заводдордун бири болгон.
Кыргызстан үчүн да завод, фабрикаларды жайгаштыруу оңой болгон эмес, имарат табуу маселеси курч эле. Ошондой эле эвакуацияланган жумушчуларды жайгаштыруу маселесин чечүү зарыл болчу. Акыры ал завод-фабрикалар чукул арада ишке кирип, согушка керектүү курал-жарак, ок-дары чыгара башташкан. Фабрикалар кызыл армиянын аскерлери үчүн керектүү кийим-кече тигип камсыздап
турушкан.
Согуш мезгилинде түстүү металл, сурьма, сымап, вольфрам, коргошун өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ошого байланыштуу Кыргызстанда Хайдаркен сымап комбинаты, Ак-Түз коргошун комбинаты ишке киргизилген. Завод, фабрикалардын үзгүлтүксүз иштеши үчүн электр энергиясы менен камсыздоо маселеси да келип чыккан. Кыргызстанда согуш мезгилинде Аламүдүн гидроэлектр станциясы 4,7 миң кВт кубаттуулукта жана Ворошилов гидроэлектр станциясы 7,3 миң кВт кубаттуулукта курулуп ишке киргизилген.
Орджоникидзе шаарынан “Красный металлист” заводу да Фрунзе шаарына көчүрүлгөн. Бул завод жалаң коргонуу үчүн керек болгон согушка керектүү ок-дары жана курал, тетиктерди чыгарган. 1943-жылы Ысык-Көлдө торпеданы сыноодон өткөрүү үчүн торпеда атуучу станция курулган. Завод, фабрикаларда жергиликтүү калк да иштеп иш менен камсыз болушкан.
Украина ССРинин Запорожская облусунун Осипенко шаарынан “Первомайский заводу”, “Фрунзе” заводу Кыргызстанга эвакуацияланган. Аз убакыттын ичинде бул заводдор имараттарга жайгаштырылып ишке киргизилген. Фрунзе шаарындагы “Фрунзе” атындагы заводдо миңдеген жумушчулар согушка керектүү курал-жарак, ок-дары, тетиктерди жана башка керектүү нерселерди чыгарышкан. Фабрика-заводдордо иштөө үчүн атайын окутуу бөлүмдөрү ачылган. Завод, фабрикалар жумушчулар менен толукталып турган. Баары жеңиш үчүн, баары тынчтык үчүн деп талыкпай иштеген элдин эмгеги да Улуу жеңишке жетүүгө чоң салым кошкон.
Кылымдар өтсө да тарыхты тастыктаган архивдик документтер Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде улуттун кенчи болуп сакталып тура берери шексиз.
Б.Б. ЖОЛДОШБЕКОВА,
Кыргыз Республикасынын
Борбордук мамлекеттик архивинин документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы