Чүй облусунун Кемин районунда чакан гидроэлектр станциясын куруу учурунда экологиялык мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Күнгөй коктусунда ГЭС куруп жаткан Энергия Будущего ишканасынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө:
- курулуш иштеринде экологиялык талаптар сакталбаганы,
- айлана-чөйрөгө зыян келтирилгени аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар жаратылышка терс таасирин тийгизгени белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, компанияга эскертүү берилди. Ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү максатында 16 млн 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Материалдар мыйзамга ылайык кароо үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.
