Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болуп, делегацияны Исламабад шаарына жөнөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул чечим жогорку лидер Моджтаба Хаменеи тарабынан 20-апрелде берилген уруксаттан кийин кабыл алынганы маалымдалууда. Маалыматтарга караганда, АКШ сүйлөшүүлөр башталышы үчүн Тегерандын жообун күтүп келген. Ошондой эле Пакистан, Египет жана Түркия ортомчу катары диалогду жандандырууга чакырышкан.
Бирок Иран тарапта ички басым да болгон. Айрыкча Ислам революциясынын сакчылар корпусу сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн АКШнын деңиз блокадасын токтотууну талап кылган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөргө АКШ делегациясын Джей Ди Вэнс жетектеши мүмкүн. Ошондой эле АКШ президенти Дональд Трампдын атайын өкүлдөрү — Стив Уиткофф жана Джаред Кушнер да катышары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, биринчи айлампа сүйлөшүүлөр 11–12-апрелде өткөнү менен, олуттуу жыйынтык берген эмес. Андан кийин Ормуз кысыгы айланасындагы кырдаал курчуп, АКШ Иран портторуна деңиз блокадасын киргизген. Учурда тараптар ок атышпоо режиминин мөөнөтү аяктап жаткан шартта экинчи айлампа сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракеттенүүдө. Бирок эксперттер бул диалогдун жыйынтыгы белгисиз бойдон калып жатканын белгилешүүдө.
