Бүгүн, 21-апрелде, Садыр Жапаров үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган бир катар мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.
Салтанаттуу аземде төмөнкү өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү катышты:
Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла;
Албаниянын элчиси Блерта Кадзадеж;
Индонезиянын элчиси Сити Рухайни Жухятин;
Сомалинын элчиси Фатхудин Али Мохамед;
Палестинанын элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи.
Иш-чара чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол менен тосуп алуу менен башталып, андан соң элчилер Президентке ишеним грамоталарын тапшырышты.
Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну ырааттуу өнүктүрүп жатканын белгиледи.
“Акыркы жылдары Кыргызстан экономика, социалдык өнүгүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында олуттуу реформаларды ишке ашырууда. Экономикабыз масштабдуу трансформация процессин баштан өткөрүүдө”, — деди Президент.
Ошондой эле ал Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун эске салып, өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу маанилүү экенин белгиледи.
Президент катышуучуларды 2027-жылдын октябрында өтө турган “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды. Өз кезегинде элчилер өз өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саламын жеткирип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
